Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-декабры № 32
Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн 2018-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү 2018-2020-жылдарга проектисин кароо жөнүндө
Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн 2018-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү 2018-2020-жылдарга проектисин кароо жөнүндө маселе айылдык кеӊештин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, алардын сунуштарын негизинде Кызыл-Тоо айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2018-жылга айыл өкмөтүнүн бюджети кирешелер жана чыгашалары 9663,3 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.(№1- тиркеме)
2. Айыл өкмөтүнүн 2019-2020-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү №2- тиркемеге ылайык бекитилисин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
3. Мыйзам менен каралганыйгарым укуктардын чектеринде,жер салыгы боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешесин көбөйтүүсү ушул 2017-жылдын 29-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алган Мыйзам менен бекитилген 2018-2020-жылдарга тендештирүүчү гранттардын өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбасы белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө Мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл өкмөттүн резервдик фонду 85,1 мин сом өлчөмүндө белгиленсин.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2018-2020-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы,социалдык фондко чегерүү,тамак-аш,дары-дармек жана милдетүү медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр)коммуналдык кызматтар (электр энергия, көмүр,суу) боюнча жүзөөгө ашыруу сунушталсын.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тендөөчү гранттарды биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды каржылоого багытталсын.
7. Республикалык бюджеттен тендөөчү гранттардын эсебинен комммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкерчилик тартышаары белгиленсин.
8. Бюджеттик мекемелер,чарба жүргүзүүчү субьектилер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максатуу багыталышы боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын Республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү блюджеттерге өндүрүп алынаары эске алынсын.
9. Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартипти бузганда атайын каражаттын 10 пайызы Кыргыз Республикасынын Республикалык бюджетинин кирешесине алынаары белгиленсин.
10. Айланма кассалык калдык айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражты 2018-жылдын 1-январына карата 100,0 мин сом өлчөмүндө белгиленсин.
11. Ушул токтомдун аткарлышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, финансы,салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | К. Кадырбеков |