Загрузка документа…
МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 02 апрели № 25-1
Мирмахмудов айыл аймагын айылдарында тигилген, кургап калган, электр зымдарына жана көчөлөрдү оңдоого тосколдук кылып жаткан дарактардан тазалоо жөнүндө
Мирмахмудов айыл аймагынын инфраструкутурасын мындан ары жакшыртуу максатында, айрыкча айыл аймагынын көчөлөрүнүн өңүн жакшыртуу максатында, жыл боюу көгөрүп туруучу Туя , Береза, Эман сыяктуу көрктөндүрүүчү дарактарды токой чарбаларынан алып келип өтүргүзүлүп жаткандыгынан, ушул эле учурда жашы жетип, кургап калган, көчөлөрдө жана мектептерде, балдар бакчасында өтүргүзүлгөн эски доо-дарактарды санитардык иретте кыйып тазалоо максатында «Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 3гл. 18-беренесинин № 22-бөлүмүнүн, Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезексиз XXV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. «Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 3гл. 18-беренесинин № 22-бөлүмүнүн негизинде Мирмахмудов айыл аймагын айылдарында тигилген, кургап калган, электр зымдарына жана көчөлөрдү өңдөөгө тосколдук кылып жаткан дарактардан тазалоо иштерин жүргүзүлсүн.
2. Айыл аймагында отурулгузган, жашы жеткен, электр зымдарына тосколдук кылып жаткан эски доодарактарды санитардык иретте кыркып алып ташталсын.
3. Кыркып алып ташталган эски дарактардын ордуна жаңы көчөттөр отургузулсун.
4. Токтомдун аткарылышын Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гафаров, айыл өкмөтүнүн жер адиси Ю.Сайтбаев жана айыл башчыларына тапшырылсын.
5. Токтом мыйзам негизинде аткарылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө тиешелүү түрүктүү комиссиянын мүчөөлөрүнү жүктөлсүн.
Төрага | Н. Халбуваев |