Загрузка документа…
АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-октябры № 2/3
Аукционго катышууга жазган Баткен, Афган согуштарынын ардагерлеринин, Чернобыль, аппарат кызматкерлеринин жана башка арыздарды кароо жөнүндө
Ак-Таш айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлеринин ижарага алуу үчүн аукционго катышууга жазган Баткен, Афган согуштарынын ардагерлеринин, Чернобыль, аппарат кызматкерлеринин жана башка арыздар Ак-Таш айылдык Кеӊешинин 2017-жылдын 30-октябрындагы сессиясында талкууланып, сунуштарды карап чыгып, депутаттардын Ак-Таш айылдык Кеӊеши токтом кылат
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган Афган согушунун жана Чернобыль ардагерлерине айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлеринен баштапкы(старттык) баалары менен ар бирине 0,50га. жерден бөлүнүп берилсин.
2. Кыргызбаев Баатыр ден-соолугуна жана үй-бүлөлүк шартына байланыштуу салыктан болгон 22500 сом карызынан бошотулсун.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Таш айылдык кеӊешинин төрагасы Т.Кадыровго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Кадыров |