Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-июну № 8/2
Кең-Жылга айылынын тургундарынын арыздарын канаттандыруу боюнча Маматумаров Жумаалы, Аматбеков Абдибек, Абласанов Арзибектердин гараж салуу үчүн берилген жерге айылдык Кеңештин депутаттарынын сунушу боюнча курулуш курууну токтотуу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” 2011-жылдын 16-ноябрындагы №213 Мыйзамынын 13-бөлүгүнүн 77-беренесинин 7-пунктуна таянып, Кең-Жылга айылынын тургундары Маматумаров Жумаалыга, Аматбеков Абдибекке, Абласанов Арзибектерге гараж салуу үчүн берилген жерге курулуш курууну токтотуу боюнча Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кең-Жылга айылынын тургундары Маматумаров Жумаалыга жеңил конструкциядагы дүкөнчө жана гараж, Аматбеков Абдибекке, Абласанов Арзибектерге гараж салуу үчүн берилген жерге курулуш куруу иштери мыйзам чегинде такталганча токтотулуп, эгер мыйзамсыз болсо курулган курулуштары алынып салынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына, Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке жана башкы жер адис Э.Шариповго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Маназаров |