Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-июну № 8/3
Корул айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 29-апрелиндеги №276 токтомунун негизиндеги айыл өкмөтүнүн балансындагы бак, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан трансформация болбостон мыйзамсыз жеке менчикке берилгендиги боюнча Алай райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын 2013-жылдын 03-августундагы билдирүүсү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы №45 Мыйзамынын 1-бөлүгүнүн 1-беренесинин 21-пунктуна таянып, Корул айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 29-апрелиндеги №276 токтомунун негизиндеги айыл өкмөтүнүн балансындагы бак, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан трансформация болбостон мыйзамсыз жеке менчикке берилгендиги боюнча Алай райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын 2013-жылдын 03-августундагы билдирүүсүнүн негизинде Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Корул айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 29-апрелиндеги №276 токтомунун негизиндеги айыл өкмөтүнүн балансындагы бак Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан трансформация болбостон мыйзамсыз жеке менчикке берилгендиги боюнча Алай райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын 2013-жылдын 03-августундагы билдирүүсүнүн негизинде белгиленсин.
2. Кең-Жылга айылынын тургундары Турганбаев Жанибек, Турганбаев Мустафа, Турганбаев Медербек, Турганбаев Эрнистерге айыл өкмөтүнөн жер берүү боюнча чыккан токтомдун негизинде Алай архитектура жана шаар куруу башкармалыгы тарабынан жеке менчик турак жай үчүн документтеринин кайсы жылы ким тарабынан каттоодон өткөрүлгөндүгү мыйзамдуу же мыйзамсыз экендиги такталсын.
3. Эгер документтер туура эмес берилген болсо,бакты аренда түрүндө берүү жана буга чейинки түшүмдүүлгүн эске алуу менен 5 жылдык аренда акысын кошуп төлөтүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Э.Шариповго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына Корул айыл өкмөтүнүн жер адиси Э.Шариповго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Маназаров |