КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык Кеӊешинин VI чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
2017-жылдын 14-июну № 8/4
Кең-Жылга айылындагы суу кампа жана булактын тосмосун айыл өкмөтүнүн балансына сактоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 18-беренесинин 5-пунктуна таянып, Кең-Жылга айылындагы суу кампа жана булактын тосмосун айыл өкмөтүнүн балансына сактоо жөнүндө Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кең-Жылга айылындагы суу кампа жана булактын тосмосунун жалпы аянты 1га 85 сотых жер айыл өкмөтүнүн балансында 1985-жылдагы абалында сакталсын.
2. Суу кампанын ичин чөп орунду жана тамарка катары пайдаланып жүргөн жарандар мындан ары пайдалануусу токтотулсун. Эгер талаш-тартыш болсо мыйзам чегинде такталып, трансформация болгондугу боюнча документтери далилденсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке, ФЭБ башчы Н.Тоотаевага жана башкы жер адис Э.Шариповго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Маназаров |