ТоктомКүчүндө

Корул айылдык Кеӊешинин 2017-жылдын 14-июнундагы № 8/6 «1-Май айылынын тургуну Аматов Кылычбектин сел жеп жаткан сайды дамба тосуп, көрктөндүрүү үчүн жазган арызын кароо жөнүндө» токтому

Редакция14.06.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Корул айылдык Кеӊешинин VI чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы

 

2017-жылдын 14-июну № 8/6

 1-Май айылынын тургуну Аматов Кылычбектин сел жеп жаткан сайды дамба тосуп, көрктөндүрүү үчүн жазган арызын кароо жөнүндө

     Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” 2011-жылдын 16-ноябрындагы №213 мыйзамынын 13-бөлүгүнүн 77-беренесинин 7-пунктуна таянып,1-Май айылынын тургуну Аматов Кылычбектин сел жеп жаткан сайды дамба тосуп, көрктөндүрүү үчүн жазган арызын кароо жөнүндөКорул айылдык Кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.    1-Май айылынын тургуну Аматов Кылычбекке өйүзгө өтүүчү жолдун жогору жагынан 0,50 га, төмөн жагынан 0,50 га, жалпы 1,0 га жерге дамба тосуп, көрктөндүрүү үчүн берилсин.

2.    Эгер үч жылдын ичинде берилген жерди көрктөндүрбөсө кайра алынып, аукционго коюлсун.

3.    Бул токтомдун аткарылышы жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына, Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке жана башкы жер адис Э.Шариповго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т. Маназаров