КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык Кеӊешинин VI чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
2017-жылдын 14-июну № 8/7
Корул айыл өкмөтүнө сырттан келген бал челектерди коюусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы №30 жайыттар жөнүндө мыйзамынын 2-беренесине таянып, Корул айыл өкмөтүнө сырттан келген бал челектерди тиешелүү ветеринардык жана башка документи жок коюусуна тыюу салуу жөнүндө Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Корул айыл өкмөтү бал аарычылык боюнча буферный зона болгондуктан сырттан келген бал челектерди тиешелүү ветеринардык жана башка уруксат берилүүчү документи жок коюлуусуна тыюу салынсын.
2. Кең-Жылга айылындагы Байлар-Конуш, Арпа-Аңыз, Катак жайлоолоруна буферный зонага тиешелүү гана бал челектер коюлсун жана башка бал челектерди коюуга тыюу салынсын.
3. Жергиликтүү бал челектердин ар бирине 50 сомдон, сырттан келген бал челектерге 100 сомдон салык салынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы М.Дайирбаевге, башкы жер адис Э.Шариповго жана жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Маназаров |