Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-июну № 8/8
1-Май айылынын тургуну Абдиев Каримберди Шариповичтин сел жеген сайды көрктөндүрүү үчүн жазган арызын кароо жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” 2011-жылдын 16-ноябрындагы №213 Мыйзамынын 13-бөлүгүнүн 77-беренесинин 7-пунктуна таянып, 1-Май айылынын тургуну Абдиев Каримберди Шариповичке А.Бекташов атындагы орто мектебинин батыш жагы, Тайтанов Абдыманаптын үйүнүн сай жагындагы сел жеген сайды көрктөндүрүү үчүн жазган арызын кароо жөнүндө Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 1-Май айылынын тургуну Абдиев Каримберди Шариповичке А.Бекташов атындагы орто мектебинин батыш жагы, Тайтанов Абдыманаптын үйүнүн сай жагындагы сел жеген сайдан 0,05га жер аянты көрктөндүрүү үчүн берилсин. Эгер үч жылдын ичинде берилген жерди көрктөндүрбөсө кайра алынып, аукционго коюлсун.
2. Бул токтомдун аткарылышы жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына, Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке жана башкы жер адис Э.Шариповго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Маназаров |