Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-июну № 8/9
Корул айыл өкмөтүнүн Арал, Саз, Тогузгун, Мукур, Талды-Булак айылдарынын тургундарынын жалпы жыйынынын 2008-жылдын 24-октябрындагы №37 протоколунун негизинде, 250 кожолуктун өзүнчө Арал айылы болуп өтүүгө жазган арызын кароо жөнүндө
Корул айыл өкмөтүнүн Арал, Саз, Тогузгун, Мукур, Талды-Булак айылдарынын тургундарынын жалпы жыйынынын 2008-жылдын 24-октябрындагы №37 протоколунун негизинде, 250 кожолуктун өзүнчө Арал айылы болуп өтүүгө жазган арызын карап талкуулап, Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Корул айыл өкмөтүндө Арал, Саз, Тогузгун, Мукур, Талды-Булак айылдарынын аралыгы алыс болуп, чачкын жайгашкандыгына байланыштуу, айылдар биригип Арал айылы деп аталсын.
2. Арал айылы деп атоого жана мыйзам чегинде каттоодон өтүүгө Корул айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 8-кезексиз отурумунун №8/10 токтомун бекитип берүү жагы, Алай райондук мамлекеттик администрациясынан, Ош облусттук мамлекеттик администрациясынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен суралсын.
3. Токтомун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбектин өз жоопкерчилигине милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Маназаров |