Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-августу № 9/3
Корул айыл өкмөтүндөгү мекеме-ишканаларды 2017-2018-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдык көрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө мыйзамынын 2-бөлүгүнүн 10-беренесинин 7-пунктуна таянып, айыл өкмөтүндөгү мекеме-ишканаларды 2017-2018-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Корул айыл өкмөтүндөгү мекеме-ишканаларда 2017-2018-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдыктар көрүлсүн жана мекеме-ишканалардын жетекчилери белгиленген лимиттен ашып кеткен учурда жеке жоопкерчиликте экени белгиленсин.
2. Алай райондук электр тармактар ишканасынын кызматкерлерине бак-дарактарды тазалоого жакындан жардам көрсөтүү жагы жана социалдык обьектилерди жетиштүү көмүр менен камсыздоо жагы айыл башчыларга милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке жана социалдык маселелер, билим берүү, маданий массалык иштер жана саламаттыкты сактоо, спорттун бардык түрү, туризм жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Маназаров |