Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-августу № 9/4
Көзөмөлгө алынган токтомдор менен иштөө боюнча жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.Дайирбаевдин билдирүүсүн угуп, талкуулоо жөнүндө
Көзөмөлгө алынган токтомдор менен иштөө боюнча жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М. Дайирбаевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында көзөмөлгө алынган токтомдор менен иштөө боюнча бир топ алгылыктуу иштердин аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Кең-Жылга айылындагы С.Шабырбекова атындагы балдар бакчасына тиешелүү жер аянты, Мукур участкасындагы КБФсунан арендага берилген 2,60га жер аянты чечилбегендиги жана Кең-Жылга айылынын тургуну Турганбаев Жанибекке берилген 1га бак, Тогуз-Булак жайлоосунан Осмонов Алмазбекке берилген жер аренда акыга байланбагандыгы эске алынсын.
3. Жогорку Мукурдагы 2,60га жер аянты, Ж.Турганбаев пайдаланган бак жана Осмонов Алмазбек пайдаланып жүргөн 0,40 га жерлердин аренда акылары 9 айдын жыйынтыгы менен төлөнбөсө, ушул жерлер аукцион түрүндө башка адамдарга берилсин, же сот аркылуу 2018-жылдын январь айына чейин чечилсин.
4. Жалпы айыл өкмөтү боюнча КБФнун арендага берилген жер аянттары үчүн 41400 сом, Тогуз-Булак жайлоосунан Осмонов Садиге берилген аренда акы үчүн 4000 сомду кошкондо 45400 сом, 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата 19000 сом аренда акы өндүрүлгөндүгү белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн жер адиси Т.Тайгараевге жана айылдык Кеңештин агрардык маселелер жана жер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.Дайирбаевге тапшырылсын.
Төрага | Т. Маназаров |