Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-августу № 9/9
Корул айылдык Кеңешинин депутаттарынын депутаттык мандаттарын, ыйгарым укуктарын токтотуу жана таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» 2011-жылдын 14-июлундагы №98 мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 52-беренесинин 3-пунктуна таянып, Корул айылдык Кеңешинин депутаттарынын депутаттык мандаттарын, ыйгарым укуктарын токтотуу жана таануу жөнүндө Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Корул айылдык Кенешинин №138 тогуз мандаттуу Кең-Жылга шайлоо округунан Алиев Даниэль Ногойбаевич 2017-жылдын 25-июнунда кайтыш болгондугуна байланыштуу, андан кийинки добуш алган тогуз мандаттуу Кең-Жылга шайлоо округунан Камбаров Жыргалбек Аматбековичке депутаттык мандат берилсин.
2. Тогуз мандаттуу №138 Кең-Жылга шайлоо округунан Камбаров Жыргалбек Аматбековичке депутаттык мандат берүү жагы Алай аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
Төрага | Т. Маназаров |