Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-августу № 9/10
Кең-Жылга айылындагы Ж. Алимов атындагы орто мектебиндеги спорт комплекси боюнча Бишкек шаарындагы Корулдун атуулдары жана Кең-Жылга айылынын тургундарынын суроо талабын аткаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19-август 2008-жылдагы №467 токтомунун жобосунун негизинде, Кең-Жылга айылындагы Ж.Алимов атындагы орто мектебиндеги спорт комплекси боюнча Бишкек шаарындагы Корулдун атуулдары жана Кең-Жылга айылынын тургундарынын суроо талабын аткаруу боюнча Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кең-Жылга айылындагы Ж. Алимов атындагы орто мектебиндеги спорт комплексине Жороев Алтындын атасынын атын коюу боюнча Алай райондук прокуратурасына кайрылуусунун негизинде, Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Б.Осмоновдун катышуусунда Кең-Жылга айылында 2017-жылдын 21-майында элдик жыйын өтүлүп, жыйынтыгында ат коюу боюнча убактылуу токтотулгандыгы эске алынсын.
2. 2017-жылдын 21-майындагы элдик жыйындан кийин айыл тургундарынан, Кең-Жылга айылынын тургуну Жороев Алтындан, жеке адамдардан жана мектеп жамаатынан эч кандай ат коюу боюнча арыз даттануу болбогондугуна байланыштуу, Бишкек шаарындагы Корул айылынын атуулдарынын жана Кең-Жылга айылынын тургундарынын арыздары канааттандырылып, Кең-Жылга спорт комплекси деп аталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ж.Алимов атындагы орто мектебинин директору Ж.Маматумаровго, социалдык маселелер, билим берүү, маданий массалык иштер жана саламаттыкты сактоо, спорттун бардык түрү, туризм жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясына жана комиссиянын төрагасы А.Орозалиевге, Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке тапшырылсын.
Төрага | Т. Маназаров |