Редакцияот 20.10.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Корул айылдык Кеӊешинин VI чакырылышынын X сессиясы

 

2017-жылдын 20-октябры № 10/1

Тогуз-Булак байланыш бөлүмүнүн кызматкерлеринин аткарып жаткан иштери жөнүндө

     Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 18-беренесинин 1-пунктуна таянып, Тогуз-Булак байланыш бөлүмүнүн кызматкерлеринин аткарып жаткан иштери жөнүндө Корул айылдык Кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.    Тогуз-Булак байланыш бөлүмүнүн башчысы Орозалиев Алтынбек тарабынан бир топ алгылыктуу иштердин жүргүзүлгөндүгү белгиленсин.

2.    Пенсия, пособие, кат-кабарларды жана газета-журналдарды өз убагында таркатуу Тогуз-Булак байланыш бөлүмүнүн кызматкерлерине милдеттендирилсин.

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Т. Маназаров