Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-октябры № 10/2
Корул айыл өкмөтүндөгү тоют топтоонун жыйынтыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 19-беренесинин 11-пунктуна таянып, Корул айыл өкмөтүндөгү 2017-2018-жылдарга карата тоют топтоонун жыйынтыгын карап, Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөтүнүн 1-Май, Тогуз-Булак, Кен-Жылга айылдарында тоют топтоо боюнча бир топ алгылыктуу иштер аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 018-жылдардын кыш мегилинен ийгиликтүү чыгуу үчүн, эгер тоют жетишсиз болсо башка жактан арзан баадагы тоютту алып келип, элди тоют менен камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Т.Тайгараевге жана 1-Май айылынын айыл башчысы К.Закировго, Тогуз-Булак айылынын айыл башчысынын милдетин аткаруучу С.Жакыпвого, Кең-Жылга айылынын айыл башчысы Д.Умаровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер жана жер боюнча туруктуу комиссиясына жана Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке тапшырылсын.
Төрага | Т. Маназаров |