Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-октябры № 10/4
Кышка карата мекеме-ишканалардын даярдыгынын аткарылышынын жыйынтыгын угуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 1-пунктуна таянып, айыл өкмөтүндөгү мекеме-ишканалардын даярдыгынын аткарылышынын жыйынтыгын угуу жөнүндө Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы мекеме-ишканаларын кышка карата даярдоо боюнча бардык билим берүү мекемелеринде айыл өкмөтү тарабынан толугу менен көмүр менен камсыз болгондугу белгиленсин.
2. 2017-2018- жылдардын кыш мезгилинен ийгиликтүү чыгуу үчүн, элди көмүр менен камсыз кылуу жагы, 1- Май айылынын айыл башчысы К.Закировго, Тогуз-Булак айылынын айыл башчысынын милдетин аткаруучу С.Жакыповго, Кен-Жылга айылынын айыл башчысы Д.Умаровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Маназаров |