Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-октябры № 10/5
Тогуз-Булак айылындагы № 26 А. Бекташов атындагы орто мектебинин карамагындагы тамырлары мектептин алдындагы асфальтты бузуп ыңгайсыз жараткан тал-теректерди кыюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Муниципалдык менчик боюнча мыйзамынын 1-бөлүмүнүн 7-беренесинин 1-пунктуна таянып, Тогуз-Булак айылындагы №26 А.Бекташов атындагы орто мектебинин карамагындагы тамырлары мектептин алдындагы асфальтты бузуп, ыңгайсыз жараткан тал-теректерди мектептин фундаментине залалы тийбөөсү үчүн кыюу жөнүндө Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Тогуз-Булак айылындагы № 26 А.Бекташов атындагы орто мектебинин алдындагы асфальтты жарып, окуучулардын басып туруусуна ыңгайсыздык жараткан тал-теректерди Шамырзаев Мелистин үйү жактан 7 (жети) жана мектептин айланасынан 23 ( жыйырма үч ) жалпы 30 (отуз) түп тал-терек кыйылсын.
2. Мектептеги ыңгайсыз жараткан тал-теректерди кыюуга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Ош аймактык башкармалыгынын башчысы Ж.Баатыровдон суралсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Алай жана Чоң-Алай райондору боюнча региондор аралык башкармалыгына жана тиешелүү жетекчилерге билдирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер жана жер боюнча туруктуу комиссиясына жана Корул айыл өкмөтүнүн жер адиси Т.Тайгараевге тапшырылсын.
Төрага | Т. Маназаров |