КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык Кеӊешинин VI чакырылышынын X сессиясы
2017-жылдын 20-октябры № 10/7
Корул айыл өкмөтүнүн жер фондусунун инвентаризациялык материалдарын бекитүү жөнүндө
Корул айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 10-отуруму Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жерге жайгаштыруу «Кыргызмамжердолбоор» институтунун жер фондусун инвентаризациялоо (тактоо) боюнча материалдарынын жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Корул айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. «Кыргызмамжердолбоор» институту иштеп чыккан Корул айыл өкмөтүнүн жер фондусун инвентаризациялоо (тактоо) материалдары бекитилсин.
2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Алай райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
Төрага | Т. Маназаров |