Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-октябры № 10/8
Корул айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2017-жылдын бекитилген сметасына такталган планга өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 1-бөлүмүнүн 15-беренесине ылайык, Корул айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2017-жылдын бекитилген сметасына такталган планга өзгөртүү киргизүү жөнүндө Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик укуктук негизги принциптери жөнүндөгү» Мыйзамынын 15-беренесине ылайык, Корул айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2017-жылдын бекитилген сметасындагы салыктын түрүнүн планына өзгөртүү киргизүү жагы каралсын.
к/н | Берененин аталышы | Берене | Бардыгы | квартал | |
көбөйтүү | азайтуу | ||||
1 | Жайыт ижарасы үчүн акы | 14152200 | 95,0 | 95,0 |
|
2 | Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн | 14151200 | 825,2 | 825,2 |
|
| Бардыгы |
| 920,2 | 920,2 |
|
2. Корул айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2017-жылдын бекитилген сметасынын төмөндөгү такталган планга өзгөртүү киргизүү жагы каралсын.
Бөлүм | Бөлүмдүн аталышы | Берененин аталышы | Берене | Көбөйтүү | Азайтуу | Кварталдар ичинде |
кв | ||||||
70429 | Экономикалык маселелер | Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кыщмат көрсөтүүгө | 2215 | +95,0 |
| 95,0 |
709 | Орто мектеп | Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кыщмат көрсөтүүгө | 2215 | +825,2 |
| 825,2 |
|
|
|
| 920,2 |
| 920,2 |
3. Жогорудагы акча каражатын 2017-жылдын бекитилген сметасынын чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы, Алай райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
4. Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Тоотаевага милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Маназаров |