Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-ноябры № 11/1
Корул айыл өкмөтүнө караштуу 1-Май айылынын Олжоке участкасына ФАП куруу боюнча сунуш кылган долбоордогу өздүк салым жөнүндө
Корул айыл өкмөтүнө караштуу 1-Май айылынын Олжоке участкасына ФАП куруу боюнча курулган долбоорду карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтомуна негизденип, Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Корул айыл өкмөтүнө караштуу 1-Май айылынын Олжоке участкасына ФАП куруу боюнча сунуш кылынган долбоорду карап чыгып, Үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган жалпы 3 111 835 сомдук долбоордо көрсөтүлгөн өздүк салымы, 7 пайыздык 217 900 сомдук өздүк салымды Корул айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетине сунушталып, бөлүнүп берилсин.
2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Маназаров |