КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык Кеӊешинин VI чакырылышынын XII сессиясы
2017-жылдын 22-декабры № 12/1
2017-жылдын жыйынтыгы боюнча Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбектин билдирүүсү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 18-беренесинин 1-пунктуна ылайык, 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбектин билдирүүсүн угуп, талкуулап Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Корул айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын жыйынтыгынын аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбек тарабынан бир топ алгылыктуу иштердин аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2018-жылга алдыга коюлган милдеттерди аткаруу боюнча түзүлгөн иш чараларды турмушка ашырууда айыл өкмөтүнүн социалдык- экономикалык өнүгүүсүнүн бардык түрлөрү боюнча көрсөткүчтөрүн толтурууну камсыз кылуу, ишке болгон жоопкерчиликти жогорулатуу айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине милдеттендирилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн басымдуу бөлүгүн түзгөн айыл чарбасын ар тараптан интенсивдүү өнүгүүнүн чараларын көрүү, дыйканчылыктын, мал чарбачылыгын асылдандыруу боюнча алдыңкы тажрыйбаларды практикалоо, жеңилдетилген кредиттер менен күйүүчү жана майлоочу майлар, техникалар менен камсыздалсын.
4. 2018-жылга салыктын өсүү темпин жана план тапшырмаларды толук аткарылсын.
5. Айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин жайыт төлөмдөрүнүн план тапшырмалары жыл жыйынтыгы менен толук аткарылгандыгы белгиленсин жана 2018-жылга жайыт акыны малдын башын кайрадан санап, жыйынтык чыгарып, максаттуу пайдалануу жагы каралсын.
6. Айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарында ар түрдүү укук бузуулардын алдын алуу, коомдук жана укук тартибин камсыз кылууда коомчулук менен бирдикте атайын иш-чаралар иштелип чыгып, аны турмушка ашыруу жагы Коомдук алдын алуу борбору тарабынан аткарылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Маназаров |