Редакцияот 22.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Корул айылдык Кеӊешинин VI чакырылышынын XII сессиясы

 

2017-жылдын 22-декабры № 12/2

Корул айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бюджетин жана 2018-2019-жылдарга божомол пландарын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 18-беренесинин 1-пунктуна ылайык, Корул айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин 2018-жылга бекитүү жана 2019-2020-жылдарга божомол пландарын бекитүү жөнүндө Корул айылдык Кенешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.    Корул айыл өкмөтүнүн 2016-жылда бекитилген планы 8327,9 миң сом болсо, такталган планы 10091,4 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.

2.    Корул айыл өкмөтүнүн 2017-жылга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети жылдын жыйынтыгы менен жана такталган планы менен бекитилсин.

3.    2018-жылга Корул айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша бөлүктөрүн эске алуу менен 9494,0 миң сомго бекитилсин, анын ичинен теңдөөчү грант 7109,0 мин сом, өздүк киреше 2385,0 миң сом, анын ичинен атайын каражат 200,0 миң сом.

4.    2019-жылга Корул айыл өкмөтүнүн божомол бюджетинин планынын киреше жана чыгаша бөлүгү 9515,6 миң сомго каралсын, анын ичинен теңдөөчү грант 7040,6 миң сом, өздүк киреше 2475,0 миң сом, анын ичинен атайын каражат 200,0 миң сом.

5.    2020-жылга Корул айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша бөлүгү 9320,4 миң сомго каралсын. Анын ичинен теңөөчү грант 6746,4 миң сом, өздүк киреше 2574,0 миң сомго атайын каражат 200, 0 миң сом.

6.    Айыл өкмөтүнүн 2018-жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө түрлөрү жана тармактары боюнча өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү айылдык Кеңештин токтому менен жүргүзүлсүн.

7.    Корул айыл өкмөтүнүн 2018-жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетке киреше жана чыгаша бөлүктөрүн ошондой эле өзгөртүүлөрдү өз максатында кириш жана чыгыш болушун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Тоотаевага милдеттендирилсин.

8.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке тапшырылсын.

 

Төрага

Т. Маназаров