КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык Кеӊешинин VI чакырылышынын XII сессиясы
2017-жылдын 22-декабры № 12/3
Корул айыл өкмөтүндөгү мекеме-ишканалардын жыл ичиндеги аткарган иштеринин жыйынтыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 2-бөлүгүнүн 10-беренесинин 7-пунктуна ылайык, Корул айыл өкмөтүндөгү мекеме-ишканалардын жыл ичиндеги аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Билим берүү мекемелеринде жана бала бакчасында жыл ичинде бир топ алгылыктуу иштердин аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Келечек муундарга инновациялык жана интерактивдик ыкмаларды жайылтуу менен окуучуларга ар түрдүү багыттагы ийримдерди уюштуруу жана кесипке багыт берүү, окуучуларды спорт менен машыгуусун, аларга сапаттуу билим, тарбия берип, өзгөчө көңүл буруу мектеп директорлоруна милдеттендирилсин.
3. «Мугалимдин статусу жөнүндөгү» Мыйзамга ылайык жаш мугалимдерге жана окуу жайын жаңыдан бүткөн жаш кадрлардын материалдык абалын жакшыртып, ар тараптуу жардам берүү жагын колго алуу мектеп директорлоруна жана айыл башчыларга тапшырылсын.
4. Мектептердеги от казаны жайгашкан бөлмөлөрүндөгү электр өткөргүчтөрүн лабораториядан өткөрүү жана талапка ылайык тартуу, трансформатордук подстанциялардын айланасын тосуп, коопсуздук абалын камсыз кылуу, техникалык коопсуздук боюнча ишти жандандыруу, иш кагаздарды жана көрнөк-жарнактарды мамлекеттик тилде так, туура жүргүзүлүшү мектеп директорлоруна милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Маназаров |