Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-декабры № 12/5
«Үлгүлүү үй», «Үлгүлүү көчөнүн» жыйынтыгын чыгаруу жөнүндө
Корул айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 2-заседаниесинин 2013-жылдын 16-январындагы №2/1 токтомуна жана Корул айылдык Кеңешинин типтүү
регламентинин 2-бөлүгүнүн 3.1 пунктуна таянып, «Үлгүлүү үй», «Үлгүлүү көчөнүн» жыйынтыгын чыгаруу жөнүндө Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 1-Май айылынын тургуну Шарипов Эркинбайдын, Тогуз-Булак айылынын тургуну Шамурзаев Эркинбайдын, Кең-Жылга айылынын тургуну Исманов Жеңишбектин, Азимов Камчыбектин үйлөрү «Үлгүлүү үй» деп табылсын.
2. Корул айыл өкмөтү боюнча Данияров Бердикожо көчөсү «Үлгүлүү жарык көчө» деп табылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы 1-Май айылынын айыл башчысы К.Закировго, Тогуз-Булак айылынын айыл башчысынын милдетин аткаруучу А.Ысаковго, Кең-Жылга айылынын айыл башчысы Д.Умаровго жана туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Т. Маназаров |