Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-октябры № 4
Ынтымак айыл өкмөтүнү 2018-2025-жылдарга калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу жөнүндө
Ынтымак айылдык Кенешинин сессиясынын күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ынтымак айыл өкмөтүнү 2018-2025-жылдарга калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу тааныштырылып бектилди (тиркеме тиркелет).
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айыл окмотунун башчысы Н. Жоробековко жана Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер адиси Э. Камаловко милдеттендирилсин.
Төрага | А. Абдикулов |
Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарбасы, муниципалдык менчиктеги жерлерди ижар ага берүү турак-жай салуу үчүн жер аянтын бөлүп берүү боюнча комиссиянын курамынын отурумунун
Протоколу
Ынтымак айылы №_______ __________2017-жыл.
Катышкан комиссиянын мүчөлөрү:
1. Н. Жоробеков- Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы – Комиссиянын төрагасы.
2. Э.Камалов – Жерге жайгаштыруу жана айыл –чарбасы боюнча жетектөөчү адиси-комиссиянын орун басары
3. М. Мурзаканов – жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча жетектөөчү адиси-комиссиянын катчысы.
Мүчөлөрү:
4. Р. Исамов-айылдык кенештин депутаты
5. М. Мурзаев -Ничке-Суу, Челекчи жана Таш-Булак айылдарынын айыл башчысы.
6. А. Ташматов-Беш-Буркан айылынын айыл башчысы.
7. С.Ботобеков-Ынтымак,Арык-Бою айылынын башчысы
8. М.Жарматов-айылдык кеңештин депутаты.
9. Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин өкүлү.
10. Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын өкүлү.
Күн тартибиндеги маселе.
Ынтымак айыл өкмөтү 2018-2025-жылдарга калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча.
Угулду:
Сөзгө чыгып сөз сүйлөгөн Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жоробеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017жылдын 17-августундагы №490-токтомуна негиз Ынтымак айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча уюштуруу иштерин жана акча каражаттарын карап берүүнү айылдык кенешке танышуу үчүн токтомдун тиркемеси менен билдирүү беребиз.
Сөзгө чыгып сөз сүйлөгөн жер комиссиясынын отурумуна катышкан комиссия мүчөлөрү А.Ташматов, М.Мурзаканов Э. Камаловдор Н.Жоробековдун сүйлөгөн сөзүн кубаттап бул маселени туура деп бир добуштан макулдугун билдиришти.
Жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап жер комиссиясы
Токтом кылат
Ынтымак айыл өкмөтүнүн калктуу конуштардын башкы планынын долборун иштеп чыгуу боюнча билдирүү берилсин.тиркеме тиркелет.
Жер комиссиясынын протоколунуну негизинде аткарылышын көзөмөлдөө жер адис Э.Камаловко жүктөлсүн.
Комиссиянын мүчөлөрү:
1. Н. Жоробеков - Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы
2. Э.Камалов - жер адиси
3. М.Мурзаканов - жетектөөчү адиси
4. Р.Исамов - айылдык кенештин депутаты
5. М.Мурзаев - айыл башчы
6. А. Ташматов - айыл башчы
7. М.Жарматов - айылдык кенештин депутаты
8 С.Ботобеков - айыл башчы
9 Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин өкүлү
10.Ноокат райондук архитектура жана шаар курулуш бөлүмүнүн өкүлү