МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мирмахмудов айылдык кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезексиз X X VIII сессиясы
2016-жылдын 03-июну № 28-2
Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2015-жылдын 03-сентябрндагы кезектеги 21-сессиясынын атуул К.Шералиевдин турак-жайынын 400,0 ч.м жер тилкесин багытын өзгөртүү жөнүндөгү № 21-1 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2015-жылдын 03-сентябрндагы кезектеги 21-1 сессиясынын атуул К.Шералиевдин турак-жайынын 400,0 ч.м жер тилкесин багытын өзгөртүү жөнүндөгү № 21-1 токтому, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин» 18-ст. 3,4-ст. , 4-б талабына ылайык, « Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын 31-статьясын « Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү» мыйзамдын 9-ст. жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Прокуратурасы жөнүндөгү» мыйзамынын 21-ст. жетекчиликке алып Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин» 18-ст. 3,4-ст. , 4-б талабына ылайык, « Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын 31-статьясын « Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү» мыйзамдын 9-ст., жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Прокуратурасы жөнүндөгү» мыйзамынын 21-ст. жетекчиликке алып, Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2015-жылдын 03-сентябрндагы кезектеги 21-1 сессиясынын атуул К.Шералиевдин турак-жайынын 400,0 ч.м жер тилкесин багытын өзгөртүү жөнүндөгү № 21-1 токтому жокко чыгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гафаров, айыл өкмөтүнүн жер адиси Ю.Сайтбаев жана айыл башчыларына тапшырылсын.
3. Токтом мыйзам негизинде аткарылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө тиешелүү түрүктүү комиссиянын мүчөөлөрүнү жүктөлсүн.
Төрага | Н. Халбува |