Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-февралы № 3/1
2016-жылга социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышы,ошондой эле социалдык-экономикалык өнүгүү планын 2017-жылга бекитүү, 2018-2019-жылдарга болжолдуу пландары жөнүндө
2016-жылга социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышы,ошондой эле социалдык-экономикалык өнүгүү планын 2017-жылга бекитүү, 2018-2019-жылдарга болжолдуу пландары жөнүндөгү Жошолу айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Абдырахмановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын III заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жошолу айыл өкмөтүнүн 2016-жылга социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышы, жылдын жыйынтыгы боюнча Жошолу айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Абдырахмановдун билдирүүсү жактырылсын ( № 1 тиркеме тиркелет).
2. Жошолу айыл өкмөтүнүн 2016-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн аткарылышы бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө белгиленгендерди камсыздоо үчүн Ата Мекендик, Чет Элдик инвестицияларды тартуу менен жамааттарды катыштыруу, жергиликтүү бюджеттин киреше булагын толтуруу үчүн муниципалдык менчикти максаттуу пайдалануу, айыл чарба багытындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин конкурстук негизде берүүнү уюштуруу, кыймылсыз мүлктөрдүн так жана толук эсебин алуу боюнча иштерди аткаруу айыл өкмөтүнүн тиешелүү жооптуу кызматкерлерине жана жамааттын мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
4. Жошолу айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү планынын 2017-2018-2019-жылдарга түзүлгөн болжолдуу планы бекитилсин .
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Дейдиев |
Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын
III заседаниесинин № 3/1 токтомуна № 1 тиркеме
2017-жылдын 9-февралы
Жошолу айыл аймагынын 2016-жылдагы социалдык –экономикалык өнүгүшүнүн, экономикалык божомолдорунун жана бюджеттин аткарылышы боюнча жыйынтыктары 2017- жылга коюлган милдеттери жөнүндө маалымат
Жошолу айыл өкмөтүнүн 2016-жыл ичинде социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн экономикалык божомолдорунун жана бюджеттин аткарылышы боюнча айыл өкмөттүн бардык жооптуу кызматкерлери , айылдык коомдук өз алдынча башкаруу органдары , менчигинин түрүнө карабастан мектеп, эмканалар, СООПВ жана башка мекеме жетекчилери тарабынан бир топ уюштуруучулук жана массалык иштердин жүргүзүлгөндүгү, ошондой эле негизги көрсөткүчтөр боюнча 2015-жылга карата салыштырмалуу бир топ уюштуруучулук иштерди жүргүзүүгө жетишти.
2016-жылда айыл өкмөттө 11 жолу заседание өткөрүлүп, 28 маселе талкууланып, тийиштүү чаралар кабыл алынып, аткарылышы камсыздалды.
Айыл өкмөтүндөгү бардык 7 айылда үстүбүздөгү жылда Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы жана райондук деңгээлдеги мекеме жетекчилери менен бирдикте элдик жыйындар өткөрүлүп, элдин суроо-талабын, ар түрдүү сын-сунуштарын ордунда чечип, кээ бир көйгөйлүү маселелер боюнча Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким И.А.Ташкуловдун буйругу менен конкреттүү иш чаралар бекитилип, аларды аткаруу үчүн тийиштүү мекеме жетекчилерине жана айыл өкмөтүнө тапшырылып, өз убагында көзөмөлдүккө алынуу менен анын аткарылышы боюнча жарандарга жооп берилип турулду.
Жыл ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Алай райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан 134 буйрук, 62 токтом, чечим жана протоколдор, 281 каттар келип, аткарылышы камсыздалып, жетекчиликке алынган.
2016-жыл ичинде 70 сунуш, арыз жана даттануулар катталган. Өзүнчө кожолукка бөлүнүү, чарба китепке каттоого алууну, материалдык жардам сураган арыздарга тиешелүү жооптор берилди.
Жыл ичинде жарандык актыларды каттодо 183 наристе төрөлүп, аларга туулгандыгы тууралуу күбөлүк, 51 нике тууралуу, 29 аталыкты аныктоо тууралуу күбөлүгү, 54 өлгөндүгү тууралуу акт жазуулары жүргүзүлдү.
2017 -жылдын 10-январына карата калкыбыздын саны 7156 адам катталып, 1775 кожолукту түздү.
Айыл өкмөттүн бюджетинин 74 % Республикадан келүүчү толуктоочу гранттын эсебинен каржыланат. 2016-жыл үчүн бюджет 7742,2 миң сом пландаштырылып, аткарылганы 9099,2 миң сомду түздү, анын ичинен толуктоочу грант 6152,2 миң сомго пландаштырылып толук каржыланды.
Өздүк киреше 1590,0 миң сом пландалса, аткарылганы 2488,2 миң сомду түзүп, 898,2 миң сомго көп же болбосо 156 % аткарылды.
Электр энергиясы үчүн бизге 230,0 мин квт бөлүнүп, 534,0 жогорудагы лимит үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен «Ош-Электро» ишканасына толугу менен которулуп берилип, быйылкы жылга 692,8 мин сом акча каражаты республикалык бюджеттин эсебинен келип түшүп, калктын колдонуусуна Ош-Электро ишканасынан которулуп берилди.
Коммуналдык кызмат көрсөтүүгө 617,2 сом белгиленсе , кассалык чыгым 537,7 сомду түзүп, анын ичинен ичүүчү таза суу үчүн 74,2 сом, телефон байланышы үчүн 13,9 сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланды.
Айыл өкмөтүнүн кызматтык автоунаасы үчүн 130,8 сом, анын ичинен 103,8 ГСМ, запастык бөлүктөргө 27,0.
Айыл өкмөтүн көмүр менен камсыздоодо, ОсОО “Перити-Коал” ишканасы менен келишим түзүлүп, 4 тоннасы Миязды жана Курманжан датка китепканаларына, 88 тонна Сатиев Ш. атындагы орто мектебине, 29 тоннасы К.Турганбаев атындагы орто мектебине, 24 тоннасы С.Төрөшев атындагы орто мектебине , 10 тоннасы А.Бейшеев атындагы негизги мектебине , 20 тоннасы айыл өкмөттүн канторасына түшүрүлүп, жалпысынан 175 тонна көмүр менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып, бүгүнкү күндө мектептер жана китепканалар толугу менен камсыз болду.Ошондой эле ОсОО “Перити-Коал” ишканасы менен Улан Примовдун демөөрчүлүгү аркылуу айыл өкмөтүндөгү майыптарга, жалгыз бой карыяларга жана тоголок жетимдерге 20 тонна акысыз көмүр түшүрүлүп , таркатылды.
Ички жана сырткы миграцияда жүргөн атуулдар боюнча:
2016-жылдын жыл ичинде айыл өкмөтүнөн каттоодон чыгып кеткен адамдардын саны 48 адамды түзүп, анын ичинен тышкы миграцияга кеткен адамдардын саны 25, ички миграцияга чыккан адамдардын саны 23 адамды түздү. Ал эми айыл өкмөтүнө келип каттоого турган адамдардын саны 25 болду.
Табигый кырсыктын алдын алуу боюнча:
2016-жылдын ичинде жогору жактан келген 42 токтом, буйруктар , 29 каттар келип, алар мөөнөтүндө аткарылды. Ошондой эле 13 жаран арыз менен кайрылып, бул боюнча ӨКМдин Алай райондук бөлүмчөсүнө билдирилип, жер, таш көчкү жана жээктердин эрозия коркунучунда жашоосун улантып жаткан 64 жаранга коопсуз жайга көчүү үчүн эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Табигый кырсыктын алдын алуу максатында ӨКМ тарабынан Осоавиахим айылынын көпүрөсүнө 80 метр жерге дамба көтөрүлүп, 142 габион торчолору байланып бүткөрүлдү.
Кыз-Эмчек айылынын жарандарынын турак жайларын сел коркунучунан сактоо максатында 135 габион торчосу байланып, бул иштер боюнча андан ары да иш алып барылууда. 2016-жылдын 16-майындагы катуу нөшөрлөгөн жаан-чачындын кесепетинен Осоавиахим, Жаңы-Турмуш жана Коммунизм айылдарындагы көпүрөлөргө коркунуч алып келгендигине байланыштуу, Жаңы-Турмуш жана Коммунизм айылдарында айыл өкмөттүн алдында түзүлгөн куткаруу тобу жана жергиликтүү тургундардын жардамы менен селден сактоо иштери жүргүзүлдү. Жаан-чачындын кесепетинен жабыр тарткан көпүрөлөр, суу алып өтүүчү түтүк жана турак жайларга коркунуч алып келген сел ташкындарынын кесепетин жоюу жана калыбына келтирүү максатында айыл өкмөтү боюнча 5 (беш) долбоор жазылып, ӨКМдин СПЛМине киргизилди. Осоавиахим айылынын жашоочуларынын турак жайларына коркунуч алып келген Жошолу дарыясы техниканын жардамы менен өз нугуна бурулду.
2015-жылдын 17-ноябрындагы жер титирөөнүн кесепетинен жабыр тарткандардын 1-этабында 145 жарандын үйлөрү текшерилип, анын ичинен 8 жарандын үйүнө 4-даражадагы, 39 жарандын үйүнө 3-даражадагы, 96 жарандын үйүнө 2-даражадагы жана 2 жарандын үйүнө 1-даражадагы көрсөткүчтөрү ӨКМдин мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти тарабынан коюлду.
2-этапта 23 жарандын арызы каралып, 11 жарандын үйү 4-даражадагы, 9 жарандын үйү 3-даражадагы, 2 жарандын үйү 2-даражадагы, 1 үй-бүлөнүн үйүнө үйүндө эч ким жок болгондугуна байланыштуу каралган жок.
1-этаптагы 4-даражадагы 8 жаранга үйлөрүнүн документтери такталып, ипотекалык сертификат берилди.Ал эми 3-даражадагы 3 жаранга 10 000 сомдон капиталдык ремонту үчүн акча каражаты бөлүнүп берилди.Бүгүнкү күнгө чейин 4-жана 3-даражадагы жабыр тарткан үйлөрдүн ээлерине гуманитардык жардам:
76 мешок ун, 597 кг макарон, 8 пачка туз, 44 даана эски кийим, 32 жуп жаңы бут кийим, 328 литр май, 18 даана одеяло, 115 кг пряник, 25 кг күрүч, 630 кг пияз, 1147 кг сабиз, 10 кг капуста, 275 кг кумшекер жана 32 тонна көмүр таркатылып берилди.
1-этаптагы 4-даражадагы жабыр тарткан үй-бүлөлөргө мамлекет тарабынан берилүүчү 200 000(эки жүз миң) сомдук ссуданын 150 000(жүз элүү миң) сому берилди жана жашоо шартынын начар абалда экендигине байланыштуу бир адамга 190 000(жүз токсон миң) сом жана калган жабыр тарткан жарандардын баарына 60 000(алтымыш миң) сомдук гуманитардык жардамдар таркатылды.2-этаптагы турмуш шарты начар 2 жаранга кошумча 100 000 (жүз миң) сомдон накталай акча каражаты берилди.
Айыл чарбасы боюнча:
Жазгы талаа жумуштары боюнча ар бир айылда штаб түзүлүп, айыл чарба жерлерин иштетүү, айыл чарба өсүмдүктөрүн, дан эгиндерин өз убагында жыйнап алуу боюнча бир топ жакшы иштер аткарылды.
Айыл өкмөтү боюнча 511 га жер бар.Анын ичинен:
21 га жерге арпа, 20 га жерге жүгөрү, 25 га жерге жашылча, 321 га жерге картошка, 29 га жерге бир жылдык кесек тоют, 95 га жерге көп жылдык тоют эгилди.
Кайра бөлүштүрүү фондусунун жери 179 га болуп анын ичинен:
18 га кайракы айдоо, 157 га чоп чабынды 2 га сугат , 2 га жери бак .
Кайра бөлүштүрүү фондусунан аренда акысы 9 айга план 45 000 сом болсо, 50 000 сом төгүлүп, план 111 % га аткарылды. Ал эми 2015-жылга салыштырмалуу 6 % га көп аткарылды.
Айыл аймагы боюнча 8050 түп терек, 1600 түп өрүк, 2000 түп алма, 90 түп сирень, 510 түп бадам эгилди. Ошондой эле Коммунизм айылынын тургуну Айдаров Азизбек жана Жаңы-Турмуш айылынын тургуну Нышанов Калмурза өздөрүнүн каражаты менен күнөскана куруп, помидор эгип, ишке киргизилди жана Айдарова Алмагүл, Омошов Абдрасул менен Токторбаева Айзадага “Бай Алай” киреше алып келүүчү чакан бизнести өнүктүрүү программасы тарабынан күнөскана курулуп,пайдаланууга берилди.
Маданият тармагы боюнча:
Жошолу айылдык маданият үйү жана элдик театры жыл башына түзүлгөн иш пландын негизинде , 2016-жыл Тарых жана маданият жылы деп жарыялангандыгына байланыштуу жогорку органдардан келген буйруктар, жоболордун негизинде иш алып барууда. Атап айтканда, жаңы 2016-жылды тосууда, 21-февраль мамлекеттик тил күнүнө жана 23-февраль Мекенди коргоочулардын күнүнө карата мектептер аралык Тамашоу сынагы өткөрүлдү. 8-март Аялдардын Эл аралык майрамына карата айылдар аралык “Кош жүрөк” сынагы, 21-март Нооруз майрамына карата салтка айлангандай эле Осоавиахим айылында кыргыздын улуулугун, нарктуулугун даңазалап кыргыз элинин жашоосун, ата-бабалардан бери сакталып келе жаткан салт-санаасын, улуттук тамак-аштарын, оюн-зоокторун көрсөтүп, эң жогорку деңгээлде майрам өткөрүлдү.Бул салтанатта жамааттар арасындагы сынактар өткөрүлдү.9-май Жеңиш күнүн, 1-июнь балдарды коргоонун эл аралык күнүн, 19-май Энелер майрамын, 13-августта Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгы, 13-август “Улуу Мурас” этно-фестивалы ж.б. бардык даталуу күндөр белгиленди.
Калкты социалдык жактан коргоо боюнча:
Жошолу айыл өкмөтүнүн 2016-жылда жакырчылыктын деңгээли жакыр үй-бүлөлөр 587 үй-бүлө болуп, 33 % түзөт.
Башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын статистикалык комитети тарабынан аныкталган 2012-жылдын ноябрь айынан баштап көрсөтүлгөн жакырчылыктын көрсөткүч деңгээли боюнча жан башына туура келүүчү кирешеси 0-810 сомго чейинки мамлекеттик колдоого муктаж эң жакыр 287 үй-бүлө, кирешеси 811-1354,1 сомго чейинки кирешеси бар 200 үй-бүлө, кирешеси 1354,2-2181,08 сомго чейинки жакыр үй-бүлөлөр 90 соц. паспорттун негизинде аныкталган үй-бүлөө экендиги белгилүү.
Ал эми жеңилдик алуучулар боюнча УАМС катышуучулары 1, Ооган согушунун катышуучулары-4, тылдын каармандары 4, аскер майыптары_1, жарым жетим калган балдар 100, тоголок жетим калган балдар 3жаштан 18 жашка чейинки майып балдар 12, жалгыз бой энелер 5, баатыр энелер 81, 1-топтогу майыптар
17, 2-топтогу майыптар 110 , 3-топтогу майыптар17, жалгыз бой карыялар 5, соц. пособие алуучулар 49 үй-бүлө .
Ооган согушунун катышуучуларына 15-февраль күнү майрамдарына карата 8 000 сом акча бөлүнүп берилди. 7-апрель революция күнү, 24-апрель Чернобыль апаатына катышкандардын майрамы, 8-март Аялдардын Эл аралык майрамы, 9-май Жеңиш күнү, 1-июнь балдарды коргоонун күнү, 10-июнь Ош окуясынын 6 жылдыгы,31-август Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгы, “Улуу Мурас” этно-фестивалы сыяктуу бардык даталуу күндөр белгиленип, майрам ээлерине бир күндөн майрамдык маанай тартууланды.
Салык боюнча:
Жошолу айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 12 айына берилген салык жана салык эмес жыйымдары боюнча берилген план тапшырманын аткарылышы боюнча маалымат.
№ | Салык түрлөрү
| 2016-жыл 12 айга берилген план | 2016-жылдын 12 айында аткарылганы | Айырмасы + - | Аткарылышы % |
1. | Юридикалык жер салык | 56000,00 | 163060,00 | +107060,0 | 291,0% |
2. | Физикалык жер салык | 92000,00 | 92020,00 | +20,0 | 100,0% |
3. | Айылчарбага арналбаган жер салык | 9000,00 | 9002,00 | +2,0 | 100,0% |
4. | Кыймылсыз мүлк салык | 2000,00 | 2900,00 | +900,0 | 145,0% |
5. | Ыктыярдуу патент | 85000,00 | 87250,00 | +2250,0 | 102,0% |
6. | Транспорт салыгы | 175000,00 | 278112,05 | +103112,05 | 158,0% |
7. | Сатуудан алынуучу салык | 106000,00 | 24676,00 | -81324,0 | 23,0% |
8. | Киреше салык( подоход) | 838000,00 | 850557,00 | +12557,0 | 101,0% |
9. | КБФ (аренда) | 60200,00 | 60200,00 | 00 | 100,0% |
10. | Рояльти | 3800,00 | 1150,00 | -2650,0 | 30,0% |
11. | Госпошлина | 12000,00 | 19795,50 | +7795,0 | 164,0% |
| ИТОГО: | 1439000,00 | 1588722,55 | +149722,55 | 110,0% |
Статистика боюнча:
А.и мал чарбачылыгы боюнча:
2016-жылга карата эт 1081,8 тн өндүрүлүп,2015-жылга салыштырмалуу 103% пайызга, сүт 2692,2 тн өндүрүлүп,2015-жылга салыштырмалуу 102,8 % пайызга, жүн 31,4 тн өндүрүлүп,2015-жылга салыштырмалуу 103,1 % пайызга аткарылган.
Дыйканчылык боюнча:
2016-жылга карата арпа 359,1 тн өндүрүлүп,2015-жылга салыштырмалуу 100,4 % пайызга, картошка 423,3 тн өндүрүлүп,2015-жылга салыштырмалуу 101,0% пайызга, жашылча тн 56,3 өндүрүлүп,2015-жылга салыштырмалуу 102 % пайызга, кесек тоют 9200,0 тн өндүрүлүп 2015-жылга салыштырмалуу 106,8 % пайызга аткарылган.
ВУС кызматкерлеринин аткарган иштери боюнча:
2016-жылы альтернативалык кызматчылар аркылуу төгүлгөн акча | 800 000
| Сом менен |
2016-жылга планы | 800 000 | Сом менен
|
Альтернативалык кызматта канча бала бар | 80
| Саны |
Альтернативалык кызматка жазгы чакыруулар | 10
| Саны |
Армияга кабыл алынганы | 8
| Саны |
Айына төлөнүүчү взнос | 1000
| Сом. |
2000-жылы туулган балдардын РВК га учетко алуу үчүн мекеме-мектептерден тизмеленгени | 61 |
|
Айыл өкмөтүнө инвестицияларды тартуу боюнча:
Айылыбыздын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу үчүн Ата Мекендик жана чет элдик инвестицияларды тартуу менен өнөктөштүктө иш алып барууну биринчи кезекке коюп, алар менен жакындан иштешип келе жатабыз.Тартылган инвестиция боюнча айтсак:
Жаңы-Турмуш айылындагы №19 Курманжан датка атындагы орто мектебине 150 орундуу 33,5 млн сомдук жаңы мектептин имараты мамлекет тарабынан каржыланып, азыркы күндө 1-кабатынын дубалы бүттү;
№21 Сатиев Ш атындагы орто мектебине , №46 А.Бейшеев атындагы негизги мектебине көмүркана куруу үчүн жана №21 Дил-Булак балдар бакчасына ажаткана жана жайкы балдардын ойноочу аянтчасын куруу үчүн Жаңы-Турмуш айылындагы № 19 Курманжан датка атындагы орто мектебинин бузулган эски имаратынын материалдарынан курулуш материалдары бөлүнүп берилип, иш аягына чыкты;
№20 К.Турганбаев атындагы орто мектебине ашкана куруу үчүн Жаңы-Турмуш айылындагы № 19 Курманжан датка атындагы орто мектебинин бузулган эски имаратынын материалдарынан курулуш материалдары бөлүнүп берилип, иш 90% га аткарылды;
Гүлчө-Жошолу жолунун 2 километрине ДЭП-969 ишканасы менен бирдикте асфальт төшөө үчүн 7 млн сомдук иш каралып, шагыл төшөө, жолду түздөө-оңдоо иштери жүргүзүлдү;
Миязды айылына мечит куруу үчүн Араб мусулман өлкөлөрү тарабынан 2 млн 100 000 (эки миллион бир жүз миң) сомдук инвестиция тартылып, курулуш иштери бүткөрүлүп мечит пайдаланууга берилди.
Айылдык маданият үйүнүнө 1 929 628 сомдук түрткү берүүчү гранттан долбоор өткөрүлүп, ремонт иштери 85 % га жумуш аткарылды;
Жал-Камыш айылына ӨКМ тарабынан 5 млн. сомдук автоунаа өтүүчү көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди;
Билим берүү тармагы боюнча:
Айыл өкмөтүндө балдарга татыктуу тарбия берүү багытында бир топ иштер жүргүзүлуп келүүдө. Айыл өкмөттүн аймагында жайгашкан 5 мектепте 1270 окуучу билим жана тарбия алып, 128 мугалим эмгектенүүдө. Башталгыч класстарга атайы шашке тамак уюштурулуп, 453 бала тамактанат. 2016-жылга 1 мектеп электр энергиясы менен 4 мектеп көмүр менен жылытылып , 151 тонна көмүр сарпталды.
Калкты медициналык жактан тейлөө тармагы боюнча:
Айыл өкмөтү боюнча 2 ФАП бар, анда 16 адам эмгектенет. Калкты медициналык жактан тейлөөдө улуттук жана мамлекеттик “Манас-3” программасынын негизинде иш алынып барылууда. Медицина кызматкерлеринин негизги милдети: бейтаптарга врачка чейинки жардам берүү, ар кандай жугуштуу ооруларга каршы эмдөө жүргүзүү, калк арасында санитардык агартуу иштерин алып баруу.
Кургак учук, кант диабети, эхинококкоз, альвеококкоз, сарык оорусу жана башка оорулардын дары-дармектери өз убагында үзгүлтүксүз берилүүдө. Адам менен малдарга бирдей жугуштуу бруцеллез, туберкулез, сибирь кулгунасы сыяктуу оорулардын алдын алуу максатында мектеп окуучуларына диктант, сочинениелер жаздырылып, ЦСМ, ден соолук комиттери менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Жайыт төлөмдөрү боюнча:
Айыл өкмөтү боюнча 2016-жылга бир жылдык жайыт төлөм ири мүйүздүү малга жана жылкыга 50 сомдон, кой-эчкиге 10 сомдон белгиленип, айылдык кенештин сессиясында 300 000 мин сом өндүрүү бекитилген. Налогго 37 мин сом төгүлдү. Ак-Терек айылына жол 1 км, Үнкүр башы 1,5 км, Кыз-Эмчектин жылгасы 500 м, Жал-Камыш айылынан 500 м, жолдор ондолду. Кыз-Эмчек айылынан Баш-Булакка каптаж узундугу 9 м ноо жасалды.
2017-жылга коюлган милдеттер:
№ | Аткарылуучу иштин мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Ким тарабынан аткарылат | Иштин көлөмү | Элдин салымы |
1 | Жошолу айыл өкмөтүңдө жергиликтүү бюджетти көбөйтүү | 2017-ж | Жошолу айыл өкмөтүнүн 2013-ж 2017-ж.карата өнүгүү программасы |
|
|
2 | Жаны жумуш орундарын түзүү | 2017-ж | -\\- -\\- |
|
|
3 | Социалдык экономикалык өнүгүүнүн өсүү темпин жогорулатуу | 2017-ж | -\\- -\\- |
|
|
4 | Калкты сугат суу менен камсыздоо | 2017-ж | -\\- -\\- |
|
|
5 | Жергиликтүү дыйкан фермерлерге айыл чарба продукциясын иштетүү боюнча долбоор жазуусуна көмөк көрсөтүү | Ар дайым | -\\- -\\- |
|
|
6 | Өз учурунда малдарды вакцина менен камсыздап, эпизоотиялык абалды туруктуу кармоо жана жайыттарды туура пайдалануу | 2017-ж | -\\- -\\- |
|
|
7 | Осоавиахим айылына курулуучу балдар бакчасын курууну баштоо | 2017-ж | -\\- --\\- |
|
|
8 | Жаңы-Турмуш, Ленин-Жол айылындагы мончолорду ремоттоп, ишке киргизүү | 2017-ж. |
|
|
|
9 | Айыл өкмөтүндөгү эскилиги жеткен мектептерди куруу | 2017-ж | -\\- -\\- |
|
|
10 | Коомчулукту коррупция менен күрөшүүгө тартуу | 2017-ж |
|
|
|
11 | Айыл өкмөтүндө укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, коомдук коопсуздукуту сактоо боюнча биргелешип иш алып баруу | 2017-ж |
|
|
|
12 | Диний экстремизм жана терроризимдин алдын алуу иштерин уюштуруу | 2017-ж |
|
|
|
13 | Өзгөчө кооптуу аймактардагы күтүлүүчү ар кандай кырсыктарды алдын алуу | 2017-ж |
|
|
|
14 | Курманжан датка атындагы орто мектебин жаны 2017-2018-окуу жылына берүү | 2017-ж |
|
|
|
15 | Айылдык маданият үйүнүн ремонтун толук бүткөрүү | 2017-ж |
|
|
|
16 | Агротехникалык эрежелерди сактоо менен картошканын айдалуучу аянтын кенейтүү | 2017-ж |
|
|
|
17 | Айыл чарба жерлеринин асылдуулугун жогорулатуу | 2017-ж |
|
|
|
18 | Жергиликтүү жана жайыт жолдорго көнүл буруу 1.Орто суу айылына көпүрө куруу боюнча долбоор сунуштарды берүү 2. Аюу-Тапан айылына кошумча подстанция куруу | 2017-ж |
|
|
|
Башчы Т.Абдырахманов