Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-февралы № 3/2
Жошолу айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджеттин аткарылышы жана 2017-жылга бюджетти бекитүү, 2018-2019-жылдарга бюджетти болжолдуу бекитүү жөнүндө
Жошолу айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджеттин аткарылышы жана 2017-жылга бюджетти бекитүү, 2018-2019-жылдарга бюджетти болжолдуу бекитүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Абдырахмановдун маалыматын угуп жана талкуулап Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын III заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2016-жылда Жошолу айыл өкмөтүнүн жалпы бюджеттин бекитилгени 7742,2 (жети миллион жети жүз кырк эки миң эки жүз) сомго, такталган планы 9325,4 (тогуз миллион үч жүз жыйырма беш миң төрт жүз) сомго, ал эми , чыгаша бөлүгү 7967,8 (жети миллион тогуз жүз алтымыш жети миң сегиз жүз) сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2017-жылга карата Жошолу айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша бөлүгүнүн планы жалпысынан 7971,3 (жети миллион тогуз жүз жетимиш бир миң үч жүз) сомго, анын ичинен теңөөчү грант 6363,3 (алты миллион үч жүз алтымыш үч миң үч жүз ) сомго, киреше бөлүгү нө 1608,0 (бир миллион алты жүз сегиз миң) сомго, анын ичинен атайын эсепке 150,0(бир жүз элүү миң) сомго бекитилсин.
3. 2018-жылга карата бюджеттин киреше бөлүгүнүн планы жалпысынан 8078,3 (сегиз миллион жетимиш сегиз миң үч жүз) сомго, анын ичинен теңөөчү грантка 6462,6 (алты миллион төрт жүз алтымыш эки миң алты жүз ) сомго , өздүк киреше 1697,0 (бир миллион алты жүз токсон жети миң) сомго болжолдуу бекитилсин.
4. 2019-жылга карата бюджеттин киреше бөлүгүнүн планы жалпысынан 8715,0 (сегиз миллион жети жүз он беш миң) сомго, анын ичинен теңөөчү грантка 6911,4 (алты миллион тогуз жүз он бир миң төрт жүз ) сомго , өздүк киреше 1803,6 (бир сегиз жүз үч миң алты жүз ) сомго болжолдуу бекитилсин.
5. Айыл аймагындагы жайгашкан мекеме-ишканаларга бюджетте каралган акча каражаттар статьялар боюнча жумшалышын камсыз кылуу жагы финансы-экономика бөлүмүнө тапшырылсын.
6. Жошолу айыл өкмөтүндө жайгашкан мектептердеги жана мекеме-ишканалардагы отчет-учет иштерин убагында айыл өкмөттүн финансы бөлүмүнө тапшыруу жагы мекеме башчыларына жана мектептердин чарбалык иштер боюнча директордун орун басарларына милдеттендирилсин.
7. Ата-энелер төлөмү № 21 «Дил-Булак» балдар бакчасына 300 (үч жүз) сом болуп бекитилсин.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин пландоо жана бюджет социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилип, аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Т.Абдырахмановго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Эрмекбаевага жүктөлсүн.
Төрага | К. Дейдиев |