Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-февралы № 3/3
Жошолу айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңештин 2017-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
2017-жылга карата айылдык кеңештин иш планын бекитүү боюнча Жошолу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Абдиеванын маалыматын угуп жана талкуулап
Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын III заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жошолу айылдык кеңешинин 2017-жылга карата иш планы бекитилсин (тиркелет).
2. Айылдык кенештин 2017-жылга карата түзүлгөн иш планында белгиленген маселелерди жетекчиликке алуу жана аткарылышын камсыз кылуу айылдык кенештин депутаттарына, туруктуу комиссияларына жана айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлерине милдеттендирилсин.
Төрага | К. Дейдиев |
БЕКИТЕМ
Жошолу айылдык кенешинин
төрагасы:__________ К.Дейдиев
“09” февраль, 2017-ж
Жошолу айылдык кеңешинин 2017-жылга түзүлгөн
ИШ ПЛАНЫ
№ | Заседаниеде каралуучу маселелер | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуу аткаруучулар | Отчет берет |
1. | Жошолу айылдык кенешинин 2017-жыл үчун түзулгөн иш планын бекитүү | 1 квартал | К.Дейдиев, айыл өкмөт башчысы | А.Абдиева |
2. | Айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын соц экономикалык планынын аткарылышы жана 2017-2018-жылдарга социалдык экономикалык өнүгүү планын бекитүү | 1 квартал | а\ө башчысы, бөлүм башчы | а\ө башчысы, бөлүм башчы |
3 | Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2016-жылда аткарылышы 2017-жылдын бюджетинин долбоорунун болжолдуу пландарын бекитүү | 1 квартал | Туруктуу комиссия, бөлүм башчы | а/ө башчысы, бөлүм башчы |
4. | Айыл өкмөткө 2015-2016-жылдардагы тартылган инвестициялардын максаттуу пайдаланылышы, 2016-2018-жылдарга тартыла турган инвестицияларды болжолдуу аныктоо | 1 квартал | Туруктуу комиссия, бөлүм башчы | а/ө бачысы Т.Абдырахманов |
5. | Ар түрдүү маселелер | 1 квартал |
|
|
1. | Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пулдун чектелиши ,аз камсыз үй-бүлөлөрдү аныктоо боюнча комиссиянын жүргүзгөн иши
| 2- квартал | Социалдык саясат боюнча туруктуу комиссия | Соц.кызматкер Ж.Темирбаева |
2. | 2016- жыл ичинде айыл өкмөттүн салык кызматкеринин жүргүзгөн иши жөнүндө.
| 2- квартал | Бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссия | Салык кызматкери А.Жеенбеков |
3.
| Ар түрдүү маселелер:
| 2- квартал |
|
|
1. | Жайыт комитетинин иш абалы
| 3- квартал | Туруктуу комиссия | Жайыт комитетинин төрагасы
|
2. | Жазгы талаа жумуштарына көрүлгөн даярдыктар,айыл чарба жерлерин тактоо,ФПСтин жерлерин арендага берүү, берилген жерлерди максаттуу пайдалануу, көзөмөлгө алуужер адистин жүргүзгөн иштери
| 2 квартал | Туруктуу комиссия | Жер адис М.Топчубаев Вет сервистин башчылары, вет адис |
3. | Элге ветеринардык кызмат көрсөтүү, жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча вет.адис, вет сервистердин иштери жөнүндө
| 2-квартал | Туруктуу комиссия | Жер адис М.Топчубаев |
1. | Күз-кыш мезгилдерине карата мекемелерди, соц.обьектилерди даярдоо, ремонттолушунун абалы | 3 квартал | Туруктуу комиссия | Мектеп, мекеме жетекчилери |
2. | Ыйман, адеп жана маданият жылына карата айылдык маданият үйүнүн, мекеме ишканалардын аткарган иштери | 3 квартал | Туруктуу комиссия | Маданият үйүнүн башчысы,мекеме жетекчилери |
3. | Ар түрдүү маселелер | 3 квартал |
|
|
1. | 2017-жылга карата Ата Мекендик жана чет элдик инвестиция менен иштөөнүн абалы | 4 квартал | Туруктуу комиссия | Айыл өкмөт башчысы, тиешелүү адистер |
2. | Ар түрдүү маселелер | 4 - квартал | Туруктуу комиссия | Айыл өкмөт башчысы, тиешелүү адистер |
Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Абдиева