Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-февралы № 3/5
Жошолу айыл өкмөтүнүн аймагында бодо малдарды идентификациялоо боюнча ветеринардык кызматкерлерлердин эмгек акысын төлөө жөнүндө
Жошолу айыл өкмөтүнүн ветеринардык адиси С.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын III заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын 2017-жылдын 20-февралындагы №31 буйругуна жана Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 27.02.2017-жылдагы №40 буйругуна ылайык айыл аймагынын ветеринардык адистери тарабынан жеке менчиктеги саан уйлар жана кунажындар идентификациядан өткөрүлсүн.
2. Малдарды идентификациялоо боюнча иштеген адистерге жогорудагы буйруктардын негизинде биркага 40 сом, адистердин эмгек акысына 30 сом, бардыгы 70 сом, төлөшсүн.
3. Чогулган каражат БИК 129052, Р/С 1290524132820096, Л/С 4402012100003672 эсептерине которулуп берилсин.
4. Токтомдордун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет боюнча комитетине милдеттендирилсин,
Төрага | К. Дейдиев |