Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-аперли № 4/2
“Пакиза Суу” ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин ( мындан ары ИСКАКБнын) жүргүзүп жаткан иши жөнүндө
“Таза Суу” ИСКАКБнын жүргүзүп жаткан иши тууралуу айылдык кеңештин депутаты Орозбай уулу Жеңиштин маалыматын, “Пакиза Суу” ИСКАКБнын төрагасы А.Иманахуновдун отчетун угуп жана талкуулап Жошолу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын IV заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Пакиза Суу” ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмеси тарабынан бир топ иштердин жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленсин.
2. Жошолу айылдык кеңешинин V чакырылышынын XXIX заседаниесинин 2016-жылдын 21-апрелиндеги ичүүчү суунун тарифин бекитүү жөнүндөгү №29/3 токтому күчүндө калтырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо “Таза Суу” ИСКАКБнын төрагасына, ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Дейдиев |