Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-аперли № 4/4
Жошолу айыл өкмөтүндө жайыт комитетинин иш абалы, жайыт комитетинин төрагасынын бир жылдык отчету жөнүндө
Жошолу айыл өкмөтүндө жайыт комитетинин иш абалын карап, биржылдык отчетун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө Мыйзамынын (26.01.2009-ж.№ 30ред.) негизинде Жошолу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын IV заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жошолу айыл өкмөтүндө жайыт комитетинин төрагасынын бир жылдык иши кемчиликтерди эске алуу менен канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Айыл аймагына сырттан келген кой-эчки, бодо малдар көзөмөлгө алынып, малдын ден-соолугу боюнча маалыматтар такталып, жайыт пайдалануучулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жайыттык төлөмдөрд тактоо боюнча жеткиликтүү иш-чаралар жүргүзүлсүн.
3. Айыл аймагына сырттан келген кой-эчки, бодо малдар көзөмөлгө алынып, малдын ден-соолугу боюнча маалыматтар такталып, жайыт пайдалануучулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жайыттык төлөмдөрдү тактоо боюнча жеткиликтүү иш-чаралар жүргүзүлсүн.
4. Айыл аймагында жайыт комитети өз иш аракетин жайыт пайдалануучулар менен Кыргыз Республикасынын жайыттар жөнүндө мыйзамына жана айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин типтүү жобосуна ылайык иш алып барышсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт комитетининр төрагасы З. Бороновго жана жайыт комитетинин мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Дейдиев |