Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-аперли № 4/5
Жазгы талаа иштеринин абалы жөнүндө
Жазгы талаа иштеринин абалы жөнүндө а/өкмөттүн жер адиси М.Топчубаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Жошолу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын IV заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөттүн 2017-жылдын жазгы талаачылык иштерине даярдык көрүү жана аны өткөрүүнүн жүрүшү боюнча жүргүзгөн ишмердигинде жетишилген ийгиликтер менен бир катар кемчиликтерге жол берилгендиги белгиленсин.
2. Айыл өкмөттүн алдында түзүлгөн штабдын курамы 2017-жылдын түшүмүнө айдап себүү иштерин уюшкандыкта өткөрүүгө байланыштуу маселелерди ыкчам кароо жана чечүү боюнча иш жүргүзсүн;
3. Айдоо аянттарын сарамжалдуу пайдалануу жана бош айдоо жерлерди калтырбай эгүүнү өз убагында, сапаттуу аткарылышын көзөмөлгө алышсын;
4. Колдо болгон ишке жарамдуу жер айдоочу айыл чарба техникаларынын баарын оңдоп түзөө жана иш даярдыгы боюнча көзөмөлгө алышсын;
5. Айдап себүү структурасы боюнча талап кылынган сапаттуу үрөндөр менен камсыздоо;
6. Ички чарбалык сугат тармагын , арыктарды тазалоону өз убагында өткөрүүнү жамааттар менен бирдикте уюштуруу иштери;
7. Каналдардын боюна тал-теректерди кыйдырып алуу менен мындан ары тал-теректерди эгип албоо боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн.
8. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн вегетациялык сугарууларынын башталышына чейин каналдарды тазалоо, суу курулмаларын өз убагында бүткөрүү жана мөөнөтүндө аткарып, калкты үзгүлтүксүз сугат суу менен камсыздоо райондук суу чарба башкармалыгынан суралсын.
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономикалык саясат, муниципалдык менчик, жер маселеси боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | К. Дейдиев |