Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-аперли № 4/7
Жошолу айыл элинин ички тартип эрежелери жана кызмат көрсөтүү акыларынын тарифин бекитүү жөнүндө
Айыл аймагындагы айыл элинин жалпы элдик чогулушунда кабыл алган ички тартип эрежелери жана кызмат көрсөтүү акыларынын тарифин бекитүү максатында Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын IV заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ички жайытка көчүү 1-майдан 30-майга чейин, алыскы жайытка көчүү 20-майдан 10-июнга чейин, жайыттан көчүп келүү 1-октябрдан эрте эмес мөөнөткө белгиленсин.
2. 2017-жылдын 1-июнунан баштап дыйкандардын үлүш жерлерине корук уюштуруу жер ээлерине милдеттендирилсин.
3. Корук уюштурууга айыл өкмөтү көмөк көрсөтсүн.
4. Жайыт акынын (мал башына) 50% өлчөмүн жылдын 1-октябрына чейин айыл тургундары милдеттүү түрдө төлөшсүн.
5. 2017-жылдын 1-июнунан баштап дыйкандардын үлүш жерлерине корук уюштурулгандыгына байланыштуу, мал ээлери короосундагы малга көзөмөлдүктү күчөтсүн.
6. Камакка түшкөн малга түрүнө карабстан мыйзам чегинде айып салынсын.
7. Айыл тургундары жайыттарга көчүү эрежелерин жана мөөнөттөрүн сактабаган малчыларга жана бада кайтаруу тартибин бузган жарандарга Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик тууралуу кодексинин 17- беренесинин 185-186, 193- беренелерине ылайык жоопко тартылары эскертилсин.
8. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратында каттоодон өткөрүлүп, элге жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана тиешелүү документтерди даярдап берүү менен укук бузуулардын алдын алуу жагы, жайыт комитетинин төрагасы З. Бороновго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Дейдиев |