Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-июну № 5/2
Жошолу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн 2018-2019-2020-жылдарга болжолдуу бекитүү жөнүндө
Жошолу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн 2018-2019-2020- жылдарга болжолдуу бекитүү жөнүндөгү айыл өкмөттүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Б.Эрмекбаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз 5-заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2018-жылга карата Жошолу айыл өкмөтүнун киреше бөлүгү 9700,5 мин сомго, чыгаша бөлүгү 9700,5 миң сомго болжолдуу бекитилсин . Анын ичинен теңдөөчү грант 8128,5 миң сомго , өздүк киреше 1402,0 миң сомго , атайын каражат 170,0 миң сомду түзгөн бюджеттин долбоору бекитилсин.
2. 2019-жылга карата Жошолу айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү 9411,1 миң сомго , чыгаша бөлүгү 9411,1 миң сомго болжолдуу бекитилсин . Анын ичинен теңдөөчү грант 7814,1 миң сомго , өздүк киреше 1427,0 миң сомго , атайын каражат 170,0 миң сомду түзгөн бюджеттин долбоору бекитилсин .
3. 2020-жылга карата Жошолу айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү 9015,5 миң сомго , чыгаша бөлүгү 9015,5 миң сомго болжолдуу бекитилсин . Анын ичинен теңдөөчү грант 7375,7 миң сомго , өздүк киреше 1469,8 миң сомго , атайын каражат 170,0 миң сомду түзгөн бюджеттин долбоору бекитилсин .
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо үчүн керектүү беренелер боюнча мыйзам чегинде болжолдуу коюу жагы айыл өкмөттүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Б.Эрмекбаевага жүктөлсүн .
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин .
Төрага | К. Дейдиев |