Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-июну № 5/4
Жошолу айылдык кенешин кайра каттоо жөнүндө
Кырыгыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин жана “Юридикалдык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо” жөнүндөгү Мыйзамынын 12-беренсине ылайык Жошолу айылдык Кенешинин VI чакырылышынын V заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жошолу айылдык кенешинин юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон кайрадан өткөрүлсүн, толук фирмалык аталышы:
Мамлекеттик тилде - «Жошолу айылдык Кенеши» Мекемеси
Расмий тилде - Учреждение «Жошолунский айылный Кенеш»
Кыскартылган фирмалык аталышы:
Мамлекеттик тилде - «Жошолу айылдык Кенеши» М-е
Расмий тилде - У-е «Жошолунский айылный Кенеш»
1. Жошолу айылдык Кенешинин Жобосу жаңы редакцияда бекитилсин.
2. Жошолу айылдык Кенешинин дареги: Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Алай району, Жошолу айыл өкмөтү, Жаны-Турмуш айылы.
3. Жошолу айылдык Кенеши юридикалык жак катары кайра каттоодон Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгынан өткөрүлсүн жана бул милдет Жошолу айылдык Кенешинин төрагасы Дейдиев Курстанбекке жүктөлсүн.
Ушул чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтар, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдаштырылгандыгы ырасталат
Төрага | К. Дейдиев |