Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-ноябры № 9/2
Жошолу айыл өкмөтүндөгү кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү жана муниципалдык менчиктеги курулуштарды тактоо жөнүндө
Жошолу айыл өкмөтүндөгү кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү жана муниципалдык менчиктеги курулуштарды тактоо жөнүндөгү айыл өкмөттүн жерге жайгаштыруу боюнча жетектөөчү адиси М.Топчубаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Жошолу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын 9-заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жошолу айыл өкмөтүндөгү кайра бөлүштүрүү фондусундагы жерлерин ижарага берилиши жана ижара акысы, берилген мөөнөтү боюнча келишим айыл өкмөтүнүн маалымат тактасына илинсин.
2. Жошолу айыл аймагындагы муниципалдык менчикте турганимараттарды кайрадан эсепке алып,жергиликтьүү кеңештин отурумунда бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөттүн жерге жайгаштыруу боюнча жетектөөчү адиси М.Топчубаевгемилдеттендирилсин, ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
З. Боронов |