Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-марты № 106
2017-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык–экономикалык көрсөткүчтөрүнүн жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча Ош шаарынын мэринин отчету жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун 6-пунктчасына, 44-беренесинин 8-пунктуна жана Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин 281-беренесине ылайык, 2017-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык–экономикалык көрсөткүчтөрүнүн жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча Ош шаарынын мэри А.Т.Кадырбаевдин отчетун угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кенешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 5-февралындагы №3 токтомун, статистикалык маалыматтарды, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, Ош шаардык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.2017-жылдын жыйынтыгы боюнча Ош шаарынын социалдык–экономикалык көрсөткүчтөрүнүн жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча Ош шаарынын мэри А.Т.Кадырбаевдин отчету канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (А. Кадырбаев):
-Отчетту даярдоодо өткөн жылдардын көрсөткүчтөрүн эске алуу менен, цифраларды так көрсөтүү;
-Сырткы жана ички инвестицияларды тартып, шаардын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн аткаруу;
-Жергиликтүү ишканаларды колдоо боюнча иш чараларды иштеп чыгуу жана кичи жана орто бизнести өнүктүрүү;
-Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында салык жана салык эмес жыйымдардын план тапшырмасын 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча ашыкча аткаруусун камсыз кылуу;
-Муниципалдык мүлктү ижарага берүүдөн түшүүчү кирешелердин көлөмүн көбөйтүү жана алардын резервдерин тактоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
-Каржылык тартипти жана көзөмөлдү күчөтүү;
-Ош шаарынын көчөлөрүндөгү курулуштардын архитектуралык сырткы жасалгаларын жакшыртуу боюнча тиешелүү иш-чараларды аткаруу;
-Ош шаарында калкты таза суу менен камсыздоо маселеси боюнча тиешелүү иш-чараларды түзүп, аларды ишке ашыруу;
-Ош шаарынын коммуналдык кызматтарын эффективдүү иштетип, анын калкка кызмат көрсөтүүсүнүн сапатын жакшыртуу;
-Ош шаарында республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулуучу социалдык обьекттердин курулушун өз убагында аяктоо;
-Ош шаарында шаар тургундарын ипотекалык шарттагы турак-жай менен камсыз кылуу боюнча тиешелүү жумуштарды аткаруу;
-Ош шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча жумуштарды улантуу, мыйзамсыз курулуштарды иретке келтирүү;
-Ош шаарында билим берүү жана саламатыкты сактоо мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо;
-Ош шаарында ички мигранттардын так санын аныктоо жана аларды каттоо боюнча тиешелүү органдар менен иш алып баруу;
-Социалдык жактан аз камсыз болгон жарандарга, жергиликтүү бюджетте каралган акча каражатынын чегинде социалдык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу;
- 2018-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен аталган токтомдун аткарылышы боюнча шаардык Кеңешке маалымат берүү милдеттендирилсин.
3.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б. Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларына тапшырылсын.
Төрага |
Ж. Ормонов |