Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык Кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2018-жылдын 13-марты № 107
Ош шаарынын 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышын, Ош шаарынын 2018-жылга бюджетин жана 2019-2020-жылдарга болжолун, 2018-2020-жылдарга Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолун бекитүү жөнүндө
Ош шаардык Кеӊешинин 2018-жылга карата кабыл алынган иш-планына ылайык «Ош шаарынын 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышын, Ош шаарынын 2018-жылга бюджетин жана 2019-2020-жылдарга болжолун, 2018-жылга Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолун бекитүү жөнүндө» маселени карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеӊешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 29-январындагы №1, 2018-жылдын 5-февралындагы №4, 2018-жылдын 26-февралындагы №6 жана 2018-жылдын 26-февралындагы №7 токтомдорун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштарын эске алуу менен Ош шаардык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2018-2020-жылдарга Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолу №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2018-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджети кирешелери жана чыгашалары боюнча 940 186,0 миӊ сом, 2019-жылга болжолу 989 051,0 миӊ сом жана 2020-жылга болжолу 1 046 529,0 мин сом суммасында №2, №3, №4 жана №5 тиркемелерге ылайык бекитилсин.
3. Жалпы мамлекеттик салыктардан чегерүүлөрдүн ченемдери «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык белгиленсин.
4. 2018-жылга башкаруу органдарын каржылоого кетүүчү чыгымдар №6 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Шаардагы тейлөө тармагындагы муниципалдык мекемелерге, атап айтканда «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасына, «Ош шамы» гезитинин редакциясына, Ош шаардык муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгына, А.Суйумбаев атындагы шаардык стадионуна жана «Алай» футболдук клубуна, ошондой эле «Шаардык сүт ашканасы» муниципалдык ишканасына жергиликтүү бюджеттин эсебинен берилүүчү субсидиялар №7 тиркемеге ылайык каралсын.
6. Ош шаарынын коомдук муниципалдык жүргүнчүлүк автоунааларында жеӊилдиктерден пайдаланып жүрүүгө укуктуу жарандардын жол кире акысы үчүн төлөнүүчү компенсацияга субсидия 17 000,0 миӊ сом өлчөмүндө белгиленсин.
7. Бүткүл дүйнөлүк банк, Европалык реконструкциялоо жана өнүгүү банкы аркылуу алынган кредиттерди жоюуга 84 692,8 миӊ сом акча каражаты каралсын.
8. Ош муниципалдык «Жылуулуккамсыздоо» ишканасына 20 700,0 миӊ сом субсидия Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан берилген ссуданы төлөө үчүн каралсын.
9. Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен шаардагы мектептердин 1-4-класстарда окуган окуучулардын тамактануусун уюштуруу (ченеми бир окуучуга 10 сом эсебинде) жана өз убагында камсыз кылуу жагы Ош шаардык билим берүү башкармалыгына (А.Асанов) милдеттендирилсин.
10.Шаардагы мектептердин мугалимдеринин жана бала-бакчалардагы тарбиячылардын коммуналдык төлөмдөрүнө женилдиктер үчүн айына бир адамга 300 сом өлчөмүндө жергиликтүү бюджеттин эсебинен бекитилсин.
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы №157 токтому менен бекитилген жобонун 13-пунктуна ылайык Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын 25 социалдык кызматкерине коммуналдык жеӊилдиктерге 150,0 миӊ сом (бир кызматкерге айына 500 сомдон) каралсын.
12.Ош шаарынын жарандарын социалдык жактан коргоо боюнча ар түрдүү иш-чараларга 6 681,5 миӊ сом акча каражаты №8 тиркемеге ылайык бекитилсин.
13.Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү 2018-жылга түшкөн кирешелердин чегинде биринчи кезекте корголгон беренелерге (эмгек акы, социалдык фондго чегерүү, дары-дармек, тамак-аш жана социалдык жеӊилдиктер) каржылануусу белгиленсин. Чыгашалардын корголгон беренелерин жана башка максаттарга бөлүнгөн акча каражаттарын туура жана так колдонуу үчүн жоопкерчилик бюджеттик мекемелердин жетекчилерине жүктөлсүн.
14.Бюджеттик мекемелерге атайын каражаттарын казына системасынан сырткары колдонууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100 пайызы жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө алынсын.
15.Жергиликтүү бюджеттин 2018-жылдын 1-январына калган акча каражаттарынын калдыгынын эсебинен кошумча каржылоолор №9 тиркемеге ылайык бекитилсин.
16.2018-жылдын 1-январына карата Ош шаарынын жергиликтүү бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 8 000,0 миӊ сом өлчөмүндө белгиленсин.
17.Шаардын 2016-жылдагы бюджети кирешелер боюнча 1 119 422,8 миӊ сом, чыгаша бөлүгү 1 109 209,2 миӊ сом, кирешелердин чыгашалардан 10 213,6 миӊ сомго ашыкча аткарылуусу жөнүндөгү отчету бекитилсин.
18.Ош шаардык Кеӊешинин 2016-жылдын 26-декабрындагы №59 токтомунун 2- пунктунун 1-пунктчасы күчүн жоготту деп табылып, Ош шаардык мэриясынын жолдор башкармалыгынын 12 бирдик жумушчуларына шаардын көчөлөрүнүн жолдорунун чуӊкурларын жамоо иштери боюнча түзүлгөн сметалык эсепке ылайык, 2018-жылдын 1-январынан эмгек акысына ай сайын жергиликтүү бюджеттин эсебинен 11 778 сом үстөк акы белгиленип, ал акча каражаттары башкармалыктын 2018-жылдагы титулдук баракчасынын үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен каржылансын.
19.Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев ):
-Ош шаарында жыйналуучу киреше салыгынын 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетине чегерүү ченемдерин 100 % өлчөмүнө өзгөртүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Жогорку Кеӊешине кайрылып чечүү жагы;
-«Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасына караштуу таштанды ташталуучу полигонун жана «Беккари» ороосун, заласыздандырууга жергиликтүү бюджеттен кошумча 1 000,0 миӊ сом акча каражатын таап каржылоо жагы;
-Жергиликтүү бюджеттен мекеме-уюмдарга берилүүчү субсидия түрүндөгү акча каражатынын көлөмүн кыскартуу үчүн муниципалдык мекеме-уюмдардын өздүк кирешелерин көбөйтүү боюнча тиешелүү иш-аракеттерди камсыз кылуу;
-Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын титулдук баракчасында каралган акча каражаттарын максаттуу каржылоо;
-Ош шаардык капиталдык курулуш жана шаардык жолдор башкармалыктарынын 2018-жылга түзүлгөн титулдук баракчаларында курулуш иштерине бөлүнгөн акча каражаттарын өз убагында так жана толугу менен аткаруусун камсыздоо милдеттендирилсин.
20.Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгына (Э.Чоюнов), Мамлекеттик салык кызматынын түштүк аймактар боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгына (О.Төрөбаев) жана шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына (А.Семетеев) 2018-жылдын бюджетинде бекитилген киреше бөлүктөрүн (ар бир түрү боюнча) толугу менен өз убагында сапаттуу аткаруу милдеттендирилсин.
21.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (Б.Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
22.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеӊешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Батыров) тапшырылсын.
23.Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Төрага |
Ж. Ормонов |