Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык Кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2018-жылдын 13-марты № 108
Ош шаарынын көчөлөрүндөгү автотыгындарды жоюу жана жол кыймылын иретке келтирүү боюнча Ош шаардык мэриясынын жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Ош шаарынын көчөлөрүндөгү автотыгындарды жоюу жана жол кыймылын иретке келтирүү боюнча Ош шаардык мэриясынын жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Ош шаарынын вице-мэри А.Топчубаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2018-жылдын 5-февралындагы №1-токтомун, ошондой эле сессияда сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ош шаарынын көчөлөрүндөгү автотыгындарды жоюу жана жол кыймылын иретке келтирүү боюнча Ош шаардык мэриясынын жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Ош шаарынын вице-мэри А.Топчубаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаарынын мэри А.Кадырбаевге:
- шаардын тиешелүү вице-мэрлери менен биргеликте, 3 (үч) айлык мөөнөттө, Ош шаарынын көчөлөрүндөгү автотыгындарды жоюу жана жол кыймылын иретке келтирүү боюнча комплекстүү иш-чара иштеп чыгып, маселени Ош шаардык Кеңешинин кийинки сессиясына алып чыгуу милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б. Шоноев) жүктөлсүн.
5. Токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына басылып чыккан күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Ж. Ормонов |