Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык Кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2018-жылдын 13-марты № 109
Аксакалдар сотторун шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө
Ош шаардык Кеӊешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Р.Раимбердиевдин аксакалдар сотторун шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соттору жөнүндө» Мыйзамынын, депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин 2004-жылдын 30-июлундагы №55 токтому менен бекитилген «Ош шаардык аксакалдар сотторун каттоонун тартиби жөнүндө» Жобонун негизинде, Ош шаардык Кеӊешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 26-февралындагы №4 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ош шаарындагы аксакалдар сотторун шайлоонун жыйынтыктары эске алынсын.
2. Ош шаарындагы жаңы шайланган аксакалдар соттору тиркемеге ылайык каттоого алынсын (Б. Астанакулов).
3. Аксакалдар сотторунун төрагаларына, мүчөлөрүнө күбөлүктөр даярдалып берилсин (А. Эргешова).
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеӊешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Р. Раимбердиев) жүктөлсүн.
6. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Ж. Ормонов |