Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык Кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2018-жылдын 13-марты № 113
«Ош шаарынын мэриясынын алдындагы турак-жай курулушун өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялык технологиялар фонду» муниципалдык ишканасын ачууга макулдук берүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын алдындагы жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаментинин жетекчиси К. Абдырахман уулунун Ош шаарынын мэриясынын алдындагы турак-жай курулушун өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялык технологиялар фонду» муниципалдык ишканасын ачууга макулдук берүү жөнүндөгү баяндоосун угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеӊешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери, мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери, бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери, ошондой эле архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссияларынын 2018-жылдын 26-февралындагы биргелешкен отурумунун токтомун, ошондой эле отурумдун жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. «Ош шаарынын мэриясынын алдындагы турак-жай курулушун өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялык технологиялар фонду» муниципалдык ишканасын ачууга макулдук берилсин.
2. Ош шаардык Кеӊешинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы №230 токтомунун 3-пункту жокко чыгарылсын.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б. Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеӊешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери (А.Батыров) жана архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссияларына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага |
Ж. Ормонов |