Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-декабры № 1
Отуз-Адыр айылдык аймагынын Отуз-Адыр айылында жайгашкан элдик мечитти муниципалдык менчик катары Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын муниципалдык менчик жөнүндөгү Мыйзамынын I бөлүмүнүн 2-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Отуз-Адыр айылдык аймагынын Отуз-Адыр айылында жайгашкан элдик мечит муниципалдык менчик катары Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп алынсын.
2. Элдик мечиттин имаратын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп алуу көз карандысыз баалоочулардын аныктаган баасынын негизинде жүргүзүлсүн..
3. Элдик мечиттин имаратын пайдалануу багытын өзгөртүү менен административдик имаратка өзгөртүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин (Т. Туйбаев).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (Э. Атабаев).
Төрага | А. Беделов |