Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-декабры № 2
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн 2018-жылга каралуучу бюджетинин эсебинен Республикалык бюджеттен каралуучу түрткү берүүчү грантка өздүк салым катары 542,0 миң.сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин IV бөлүмүнүн 5-бөлүмчөсүнүн №33 беренесинин негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн 2018-жылга каралуучу бюджетинин ЖКХ бөлүмүнүн статьясынан Республикалык бюджеттен бөлүнүүчү түрткү берүүчү грантка өздүк салым катары №102 М.Тешебаев орто мектебинин айланасына брусчатка бастырууга 542,0 миң.сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин (Т. Туйбаев).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын (С. Алдраков).
Төрага | А. Беделов |