ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин V чакырылштагы кезексиз XXII сессиясы
2017-жылдын 7-декабры № 3
Кыргыз Республикасынын «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдүн) мамлекеттик каттоо жөнүндө» аттуу Мыйзамынын 12-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн күбөлүгүн каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдүн) мамлекеттик каттоо жөнүндө» аттуу Мыйзамын 12-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн күбөлүгүн каттоо максатында Отуз-Адыр айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн Ош облустук юстиция башкармалыгы тарабынан берилип, 1999-жылдын 28-декабрында мамлекеттик деп каттодон өткөрүлгөн №23595-3306-У-е ОКПО коду 2241570 сериясы ГР №010998 күбөлүгү муниципалдык деп өзгөртүлсүн.
2. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн күбөлүгүн муниципалдык деп өзгөртүп берүү жагы Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. (Т.Туйбаев)
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (Э. Атабаев)
Төрага | А. Беделов |