Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-декабры № 2
Раева Алтынайга «Тереза эки» муниципалдык балдар бакчасын ачууга уруксат берүү жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Мыйзамынын 31- жана 36-беренелеринин негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Отуз-Адыр айылынын тургуну Раева Алтынайга ɵз менчигинде турган мурдагы канатуулар фабрикасынын кеңсесинде «Тереза эки» муниципалдык балдар бакчасын ачууга уруксат берүү Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнɵ сунушталсын.
2. Раева Алтынайды «Тереза» балдар бакчасына директорлука дайындоону райондук билим берүү бɵлүмүнɵ сунуштоо жагы Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнɵ жүктɵлсүн.
3. Муниципалдык менчиктеги балдар бакчасын ачуу боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу, иш кагаздарын даярдоо Раева Алтынайдын ɵзүнɵ жүктɵлсүн.
4. Муниципалдык балдар бакчасын ачуу иштерине кɵзɵмɵл жүргүзүү айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (А.Нурутдинова)
Төрага | А. Беделов |