Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-декабры № 4
Айыл аймагындагы айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдаланууга коюлган баштапкы салык нарктары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 4-бөлүгүнүн 339-беренесине ылайык Отуз-Адыр айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Отуз-Адыр айылдык аймагындагы айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдаланууга коюлган баштапкы салык нарктары төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин;
а) Сугат айдоо жерлер үчүн гектарына 453 сом 00 тыйын.
б) Кайракы айдоо жерлер үчүн гектарына 41 сом 30 тыйын
в) Көп жылдык бак-дарактар үчүн гектарына 453 сом 00 тыйын.
г) Жайыттар үчүн 13 сом 00 тыйын.
2. Отуз-Адыр айылдык аймагындагы айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалануу жогоруда белгиленген баштапкы салык нарктарына ылайык жүргүзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин (Т.Туйбаев).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын (С.Алдраков).
Төрага | А. Беделов |