Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-декабры № 5
«Кутман» фермердик чарбасынын жетекчиси Абдиев Шакир ижарага алып иштетип жаткан 16гектар жер аянтын тоорука (аукционго) кою жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы №1997- III токтому менен бекитилген мамлекеттик фондтун жерлерин ижарага берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү ЖОБОнун II бөлүгүнүн 11-пунктунун шарттарын аткаруу максатында Отуз-Адыр айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. «Кутман» фермердик чарбасынын жетекчиси Абдиев Шакир ижарага алып иштетип жаткан 16 гектар жер аянты тоорука (аукционго) коюлсун.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө тапшырылсын. (Т.Туйбаев)
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Отуз-Адыр айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. (А.Адашов)
Төрага | А. Беделов |