Редакцияот 29.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин V чакырылштагы кезектеги XXIII сессиясы

 

2017-жылдын 29-декабры № 9

 Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин 2018-жылга карата иш-аракет планын бекитүү жɵнүндɵ

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин 2018-жылга карата иш-аракет планы бекитилсин.

2. Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин иши айылдык Кеңештин 2018-жылга бекитилген иш-аракет планына ылайык жүргүзүлсүн.

3. Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин ишин айылдык Кеңештин 2018-жылга бекитилген иш-аракет планына ылайык алып баруу айылдык Кеңештин тɵрагасынын орун басарына жүктɵлсүн.(А.Мурзаев)

 

Төрага

А. Беделов